Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Орусияда үч өзбек мигранты соттолду


Санкт-Петербург шаарында сот 2011-жылдын октябрында футбол күйөрманы Роман Ловчиковду сабап өлтүргөндүгү үчүн өзбекстандык үч мигрантты күнөөлүү деп тапты. 32 жаштагы Мамур Кудратов, 33 жаштагы Низом Разиков үч, 41 жаштагы Икром Розиков алты жылга коопсуздугу күчөтүлгөн колонияда жазасын өтөйт.

Үчөө тең күнөөлөрүн моюнга алышкан эмес. Алардын айтымында, Ловчиков жана анын жанындагылар биринчи кол салгандыктан коргонууга мажбур болушкан. Сот чатакка этностук же расалык жек көрүү сезими себеп болгон эмес деп эсептейт. (AiK)

XS
SM
MD
LG