L'Express франциялык басылмасы прокуратурадагы өз булактарына таянып, учурда Парижде Франциянын жарандарынын Сириядагы жарандык согушка катышуу үчүн кеткен фактылары боюнча 33 иш иликтенип жатканын кабарлады.
“Свобода” радиосунун Париждеги кабарчысынын маалыматына караганда, аталган иштер боюнча жалпысынан 80 адам суралып жатат, алардын алтоосу жашы жете электер.
Тулуза шаарында 30-январда террорчулук аракеттерге катышы бар деп айыпталган, Түркиядан Сирияга бара жаткан 15 жана 16 жаштагы эки өспүрүм боюнча да тергөө иши жанданды.
2011-жылы Сириядагы жарандык согуш башталгандан бери ал жакка Франциядан жүздөгөн адамдар кеткен. (AiK)