Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:51

Волгограддагы жанкечтилердин аты аталды


Орус бийликтери декабрда Волгоградда 34 адамдын өмүрүн алган эки жанкечтинин ким экенин аныктаганын билдирди. Алар Дагестанда жайгашкан террорчул уюмдун мүчөлөрү: Аскер Самедов жана Сулейман Магомедов.

Террорчулукка каршы улуттук комитеттен кошумчалашкандай, жанкечтилер жардыруудан бир аз убакыт өткөндөн кийин аныкталган, бирок коопсуздук үчүн алардын ысымы ачык жарыяланган эмес.

Террорчулукка каршы улуттук комитет бейшембиде жардырууга катышы бар деп шектелген эки адамдын да кармалганын жарыялады. Алар: Магомеднаби жана Тагир Батировдор. Бир туугандар шаршембиде Дагестанда кармалган. Келерки жумада Орусиянын Сочи шаарында Кышкы Олимпида оюндары башталат, ага карата коопсуздук чаралары күчөтүлгөн. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG