Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:36

Ошто милиция кароосуз балдардын санын тактады


Ош облустук Ички иштер башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин натыйжасында облус аймагында кароосуз жүргөн 65 бала аныкталды. Алардын 21инин эч кимиси жок. Калгандарынын жакындары бар, бирок мектепке барбай, көчөдө түрдүү жумуштарды жасап жүргөн балдар.

Бул тууралуу “Азаттыкка” облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Милициянын “Кароосуз” деп аталган рейди 21-январда башталган. Аларга жергиликтүү бийликтердеги кызматкерлер жана билим берүү тармагында иштегендер көмөктөштү.

Тогуз күн аралыгында тизмеге түшкөн өспүрүмдөрдүн арасынан эч кими жок делген бирөө интернатка, бирөө социалдык борборго, 19у облустук милициянын өспүрүмдөрдү адаптациялоо жана реабилитациялоо борборуна тапшырылды. (SE)

XS
SM
MD
LG