Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

Йорам Мушкат: "Centerra" 50/50гө макул болушу күмөн


Канадалыктар Кумтөрдөгү үлүшүн азайтууга макул болуусу күмөн. Мындай пикирин кечээ “Muszkat Law Company” юридикалык компаниясынын президенти Йорам Мушкат премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушууда айтты. Ал ошондой эле "үлүштү көбөйтүү Кыргызстан үчүн жакшы болмок, бирок 50/50 варианты боюнча түзүлгөн жаңы ишкана аркылуу кыргыз тарап аны көзөмөлдөө укугуна ээ болот" деген оюн кошумчалады.

“Muszkat Law Company” Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча канадалык инвестор Centerra Gold Inc. менен мурда түзүлгөн келишимди кайра карап чыккан мамлекеттик комиссияга адвокаттык кызматын көрсөткөн болчу.

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын Кумтөрдөгү үлүшүн 67%дан кем кылбоо талабын коюп жатат. Ал эми өкмөт 50%дан жогору көтөрүү мүмкүн эмес экенин айтууда. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG