Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:08

Укук коргоочу муфтиятты айыптоодо


Укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова муфтияттын соңку өкүмүн сындап, буга прокуратура көңүл бурушу керек деп айтып чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн "Азаттыкка" билдирди. Исмаилованын пикиринде, муфтияттын кумсалар боюнча чыгарган фатвасы өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет.

Кыргызстандын муфтияты 29-январда кумсаларга каршы фатва чыгарып, бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу өтө чоң күнөө болуп эсептелээрин эскерткен.

Ага чейин адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган кумсалардын укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керектигин айтып чыккан. Аталган уюм Кыргызстандын төрт шаарын кыдырып, 40 кумсанын пикирин сураганда алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айткан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн, эгер мындай окуя катталса, сөзсүз иликтенээрин "Азаттыкка" билдирген. (ZMa/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG