Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Сочиге бараткан жалгыз спортчуга өкмөт акча бөлдү


Кыргызстандан Сочи олимпиадасына катышканы бараткан жалгыз спортчу Дмитрий Трелевскийге өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министрдин фондунан 100 миң сом бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Дагы 100 миң сом спортчунун машыктыруучусуна да берилди.

Сочи олимпиадасына саналуу гана күндөр калды. Анын ачылышына президент Алмазбек Атамбаев да катышаары кабарланган. Биздин өлкөдөн бараткан жалгыз спорту Дмитрий Трелевский лыжа боюнча спорт чебери.

Коңшу өлкөлөрдөн олимпиадага Тажикстандан 2 спортчу, Өзбекстандан 3, Казакстандан 44 спортчу катышат.

Сочи олимпиадасын чагылдырууга Кыргызстандан бир гана журналист баратат. Ал "Азаттыктын" баяндамачысы Кабыл Макеш. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG