Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:54

Ноокендеги окуя боюнча 11 өспүрүм суралды


Ноокендеги окуя боюнча 11 өспүрүм кармалып, сурактан кийин кайра коё берилди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов билдирди. Анын айтымында, окуяга байланыштуу "бейбаштык" беренесинин негизинде кылмыш иш козголду. Иликтөө жүрүп жатат. Милициянын маалыматында, 30-январга караган түнү Сары-Сыя жана Коминтерн кошуна айылдарынын өспүрүмдөрү мушташа кетип, сарысыялык 3-4 үйдүн терезелери талкаланган. Адамдар арасында жабыркагандар катталган жок. Абдраимовдун айтымында, материалдык чыгым 10 миң сом деп эсептелинүүдө жана бул окуя улут аралык мүнөзгө ээ эмес:

- Окуучулардын бул мушташын кимдир бирөө улут аралык тирешүү деп атай койду. Бирок таптакыр андай эмес. Терезеси сынгандар өзбек улутундагы жарандар эмес. Алар кыргыз улутундагы жергиликтүү адамдар.

Сары-Сыя айылынын тургундары “Азаттыкка” билдиргендей, мушташ чыгарган өспүрүмдөр көчөдө алдынан чыккан беш адамды да сабап койгон. Токмоктолгондордун арасында 20 жаштагы биринчи топтогу майып бала бар. Алар ошондой эле жабыркаган үйлөрдүн саны онго жакын экенин, Сары-Сыяда 400 чамалуу түтүн, негизинен өзбектешип кеткен араб тектүү эл жашаарын айтууда. (RK/SE)

XS
SM
MD
LG