Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

“Бир дүйнө - Кыргызстан” кыймылы башкы прокурорго кайрылды


"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоочу кыймылы башкы прокурор Аида Саляновага жазылган кайрылуусунда муфтияттын кумсалар боюнча чыгарган фатвасы өлкөнүн Баш мыйзамына каршы келет жана зомбулукка үндөйт деген кооптонуусун билдирди. Кыймыл башкы прокурордон өлкөнүн Баш мыйзамын жана эл аралык укук боюнча милдеттенмелерин эске алып, чукул чаралардын көрүлүшүн күтөт.

Кыргызстандын муфтияты 29-январда кумсаларга каршы фатва чыгарып, бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу өтө чоң күнөө болуп эсептелээрин эскерткен.

Ага чейин адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган кумсалардын укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керектигин айтып чыккан. Аталган уюм Кыргызстандын төрт шаарын кыдырып, 40 кумсанын пикирин сураганда алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айткан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн, эгер мындай окуя катталса, сөзсүз иликтенерин "Азаттыкка" билдирген. (AiK/RK)

XS
SM
MD
LG