Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Кыргызстандык келин Сирияга качты


Ош шаарында жаш келин күйөөсүнүн макулдугун албай, үч баласын ээрчитип Сирияга качып кеткен. Ал башка өлкөдө экенин күйөөсүнө СМС аркылуу өзү кабарлаган. Күйөөсү учурда бейөкмөт уюмдарга кайрылып, балдарын кайтаруу аракетинде жүрөт.

Ош шаарынын тургуну Наргиза Кадыралиева күйөөсү Бабур Кадыралиевди таштап, үч уулун: он бир жашар Абубакирди, тогуз жашар Умарды жана алты жашар Алини алып качып кеткен.

Бабур Кадыралиевдин айтымында, балдарын Сирияга алып кеткенин аялы СМС аркылуу билдирген. Окуя 28-январдын түнүндө болгон. Учурда балдарын кайтаруу аракетинде жүргөн Бабур балдарын алып качкан аялынын мындан аркы кадамы кандай болорунан кабарсыз:

- Эртең менен уйкудан турсам СМС келиптир. Анда "Мен балдарды алып кеттим, ыраазы бол",- деп жазылыптыр. Бул окуяга чейин ал менден балдарга ишеним кат берүүмдү сураган болчу. Бирок мен каршы болгом. Азыр мага кимден, кантип балдарга ишеним кат алганы белгисиз. Анын мындан аркы кадамы кандай болорун, эмнени көздөп кеткенин билбейм.

Сирия. Курал атып жаткан аялдар. 17-февраль, 2013-жыл.
Сирия. Курал атып жаткан аялдар. 17-февраль, 2013-жыл.
Бабур Кадыралиев аялынын Сирияга кеткенин угуп, Оштогу "Мыйзам жана тартип" укук коргоо уюмуна жардам сурап кайрылган. Аталган уюмдун жетекчиси Изатилла Рахматуллаев Надира узак сапарга аттанаар алдында балдарына документтерди тымызын даярдап алган деген пикирде:

- Келиндин күйөөсү келип, арыз жазды. Ал арызды мен тиешелүү органдарга бердим. Менин баамында, ал келин эч кимге билгизбей балдарына ишеним кат жасатып, чет элдик паспортту кошо алыптыр. Анан көздөгөн жерине жетип алып, "Биз Сирияга жихадга кеттик, бизди издебе" деп күйөөсүнө СМС жазыптыр.

Бул окуя боюнча облустук укук коргоо органдары да кабардар экенин билдиришти. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеӊиш Аширбаев Наргиза Кадыралиеванын жүргөн жерин аныктоо боюнча териштирүү аракеттери болуп жатканын айтты:

- Бизге кимдин кайда кеткени тууралуу маалыматтар түшүп турат. Ал маалыматты алгандан кийин эле тиешелүү кызматтарга билдирүү берилген. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул багытта эл аралык келишимдер бар. Ошонун алкагында биз ишти аягына чейин чыгарабыз.

"Мыйзам жана тартип" коомдук фондунун жетекчиси Изатилла Рахматуллаевдин белгилешинче, Наргизанын Сирияга качышы жаӊылык эмес. Анын айтымында, радикалдашкан исламга ыктап, Сириядагы куралдуу кагылыштарга катышып жүргөн жаштар четтен чыгат.

- Бүгүнкү күндө бул биринчи окуя эмес. Мисалы, өткөндө бир аялдын баласы Сирияда өлгөн. Анын апасы "Балам шейит кетиптир, эми мага да бейиштин эшиги ачык" деп жүрөт. Бул эмне деген сөз?! Баласы согушта каза болсо, апасы бейишти ойлоп отурат...

Кыргызстандын тартип коргоо органдары өткөн жылдын жаз айларында жарандык согуш жүрүп жаткан Сирияга адамдарды азгырып алып кетүү боюнча фактыларды ырастаган. Ал эми өткөн жылдын октябрь айында Жалал-Абаддын Сузак районунан Сирияга адамдардын кеткени айтылган. Ага ылайык, Сузакта мечиттерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн болчу.

Макаланы "Азаттыктын" Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков даярдады.
XS
SM
MD
LG