Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

УКМК ОшТВнын кеңсесин тинтти


Жума күнү ОшТВнын кеңсесин атайын кызматтын өкүлдөрү тинтүүгө алды. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган телекомпаниянын директору Эрнис Кыязов билдирди:

- УКМКнын Оштогу бир кызматкери буга чейин ОшТВга келип, Ош шаардык сотунун токтомунун негизинде, телекомпания менен уюлдук компаниянын СМС добуш берүү боюнча келишимдерин, Ош мэрин шайлоо учурундагы көрсөтүүлөрдү сурап, түшүнүк кат жаздырып кеткен. Бүгүн УКМКнын бир нече кызматкери келип, ОшТВдан эч кимди чыгарбай, эч кимди киргизбей тинтишти. Санкциясы бар, юридикалык жактан баары кынтыксыз. Бирок мунун баары куугунтук, репрессия жыттанууда.

Окуя боюнча УКМКдан маалымат алууга азырынча мүмкүн болгон жок.

ОшТВ эки-үч айдан бери СМС билдирүүлөр аркылуу мурдагы мэр Мелис Мырзакматовду жактаган маалыматтарды берип келген.

ОшТВ телекомпаниясы республиканын түштүгүндөгү ири медиамекемелердин бири. Анын түптөөчүсү - жергиликтүү ишкер Халилжан Худайбердиев. 2010-жылдагы кандуу калабага чейин аталган телеканал негизинен өзбек тилинде обого чыккан. Июнь окуясынан соң ээси алмашып, телеканал толугу менен кыргызча чыга баштаган. Телеканал ээсине “медиа аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга салым кошкон” деген айып коюлган. Учурда Худайбердиев саясий башпаанек алып, чет өлкөдө жашайт.

Коомчулукта Оштун мурдагы мэри Мелис Мырзакматов Ош ТВнын ээси экени айтылганы менен ким ээлик кылаары жөнүндө ачык маалымат жок. Телеканал Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында негизинен Ош шаарындагы жаңылыктар жана шаар бийлигин мактаган берүүлөрдү көрсөтчү. (ErN)

XS
SM
MD
LG