Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:06

Янукович мунапыс боюнча мыйзамга кол койду


Украинанын президенти нааразылык акциясына катышып, кармалгандарга мунапыс берген мыйзам долбоорго кол койду. Оор кылмыштарды жасагандарга мунапыс берилбейт. Ошондой эле мыйзамдын аткарылышы үчүн административдик имараттарды манифестанттар 15 күндүн ичинде бошотушу керек.

Парламенттеги "Батькивщина" оппозициялык фракциясынын лидери Арсений Яценюк оппозиция Европа Кеңешинин алкагында адам өлтүрүү, уурдоо, кыйноо жана журналисттерге басым жасоо фактылары боюнча эл аралык иликтөөнү талап кыларын жарыялады.

Украинадагы өкмөткө каршы митингдердин лидерлеринин бири 22-январда жоголгон Дмитрий Булатов 30-январда табылды. Дмитрийдин айтымында, аны орусча акцент менен сүйлөгөн белгисиз адамдар уурдап кеткенден бери кыйнап, нааразылыкка чыккан элди ким каржылаганын билгилери келген.

31-январда Украинанын коргоо министри президент Виктор Януковичти өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы катары туңгуюктан чыгуу үчүн “чукул” чараларды көрүүгө үндөдү. Коргоо министрлигинин тараткан билдирүүсүндө, аскер жетекчилери кырдаалды турукташтыруу жана коомдо тынчтыкка жетишүү үчүн президент тез арада мыйзамдарга ылайык кадамдарды жасашы керек деп айтылат. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG