Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:01

Өкмөт башчы унаа салыгын жыйноо ишин сындады


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жүк ташуучу унаалардан алына турган салыкты жандандыруу зарыл экенин айтты. Бул тууралуу Сатыбалдиев бүгүн социалдык-экономикалык абалды талкуулоого багытталган өкмөттүн жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, өткөн жылы каттоого алынган 623 миң жүк ташуучу унаанын 472 миңинен гана салык жыйналган.

Сатыбалдиев Салык кызматы ортозаар иштеп жатканын айтып, жумушту жандантууну буйруду. (SE)

XS
SM
MD
LG