Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

Таиландда шайлоо алдында тополоң чыкты


Расмий өкүлдөрдүн билдиришинче, Таиланддын баш калаасындагы кагылыштарда аз дегенде беш киши жараат алды. Өкмөт башчысы Йинглак Чинаваттын колдоочулары менен оппоненттери бири-бирин таш бараңга алып, тапанча, мылтыктан аткылашты. Ок шайлоо бюллетендердин таркатылышына жол бербөө үчүн демонстранттар оодандык кеңсени курчоого алып турганда атылды.

Оппозиция Йинглактын партиясы жеңет деп күтүлгөн бүгүнкү шайлоого бойкот жарыялашкан. Демонстранттар өкмөттү шайланбаган «элдик кеңеш» менен алмаштырууну талап кылышууда. Алар өкмөт башчысын мурдагы премьер, өзүнүн агасы Таксин Чинаваттын сөзүнөн чыкпайт, коррупцияга малынган деп айыпташууда. Таксин 2006-жылкы аскердик төңкөрүштө бийликтен кулатылган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG