Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:49

Украинада активистке каршы кылмыш иши козголду


Украинада жоголуп, кайра табылган активистке кылмыш иши козголду.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, өзүн уурдап кетип, кыйнашканын айткан Дмитрий Булатовго "Киевдеги тополоңго катышкан" деген айып коюлду. Бир жума мурда жоголгон Булатов бейшембиде табылган эле. Булатов өзүн белгисиз бирөөлөр уруп, кыйнаганын айткан. Азыр аны ооруканада полиция менен катар демонстранттар да кайтарып жатышат.

Украин бийликтери ошондой эле ноябрдан берки өкмөткө каршы акцияларга байланыштуу төңкөрүш аракети боюнча тергөө жүргүзүп жаткандыгын билдиришүүдө.

XS
SM
MD
LG