Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:04

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш аяктады


Бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган бокс боюнча эл аралык турнир жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрү аныкталды. Мелдешке Орусия, Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын тандалган эки жүзгө жакын булгаары мээлей чеберлери катышты.

Мелдеште эң жеңил салмакта баш байге үчүн тажикстандык Олжас Байниязов менен кыргызстандык Турат Осмонов беттешип, 1 упай айырма менен Осмонов жеңүүчү деп таанылды. 91 кг. салмактын баш байгесине кыргызстандык Чыңгыз Борбашев ээ болду. Ал финалда орусиялык Александр Гулевскийди жеңип чыкты. Ал эми оор салмактагы бокс чеберлеринен финалда өзбекстандык Бохадир Жалолов менен орусиялык Артем Скуленков беттешип, калыстар орусиялык Скуленковдун чеберчилигин жогору баалады. Мелдештин жеңүүчүлөрү күзүндө Түштүк Кореяда өтө турган 17-Азия оюндарында өлкө намысын коргойт.

Шопоковдун элесине арналган бул эл аралык мелдеш быйыл отуз тогузунчу жолу өткөрүлдү. Мелдеш 29-январда башталган. (КМа/КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG