Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Оштон учактар уча баштады, Жалал-Абад аба бекети жабык


Оштон учактар кайра уча баштады, бирок Жалал-Абад аба бекети жабык турат.
Кыргызстандын аэро-навигация боюнча метеорология кызматы "Азаттыкка" бүгүн Оштон учактар кадимкисиндей учуп жаткандыгын бышыктады.

Бул кызматка ылайык, кечээ аба ырайынын начардыгынан улам Баткен менен Жалал-Абага эки учак учпай калган. Жалал-Абад аба бекетиде жолдор кардан тазаланганы менен, туман кетпей, учактар учпай жатат.

Ош аба бекетинин маалымат кызматы "Азаттыкка" өткөн түнү болгону бир учак Бишкекке кетпей калып, бүгүн учуп кеткенин билдирди. Айрым булактар өткөн түнү Оштон 10 чакты каттам ишке ашпай калгандыгын айтышкан.

Учак учпай тургандыгы тууралуу жүргүнчүлөргө алдын ала смс менен маалымат берилбегендиктен, Ош аба бекетинде киши котолоп, жүргүнчүлөргө толуп кеткендиги кабарланган эле.

Ош аэропорту - Кыргызстандагы эң көп киши ташыган, коңшу өлкөлөр да көп колдонгон маанилүү аба бекет болуп саналат. Орусиядан тышкары Дубай, Стамбул, Үрүмчү сыяктуу 11 шаарга жума сайын дээрлик 70 учак абага көтөрүлгөн Ош аба бекети аркылуу былтыр бир миллиондон ашык жүргүнчү ташылган. (KE/BAZ/JCH)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG