Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Сарууда жол бөгөлдү


Каракол - Балыкчы жолу учурда Саруу айылына кире бериштеги Кашат деген көпүрөдөн тосулуп турат. Саруу айылына барган Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Мария Колесникова жол тосулган жерде болжол менен 500дөй адам турганын билдирди. Алар бүгүн жана буга чейин камалган саруулуктарды бошотуу талабын коюп жатышат.

Бүгүн түштөн кийинки саат төрттөр чамасында саруулук он чакты активистти милиция кармап кеткени жана анын себептери түшүндүрүлбөгөнү кабарланган. Облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Эмил Салиев саруулуктарды кармоо себептери тууралуу эч нерсе айта албастыгын, бирок кармоо мыйзам чегинде болгонун “Азаттыкка” билдирген.

Жети-Өгүз районунун Саруу айылынын тургундары Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабы менен 2013-жылдын май айынан бери митингдерди уюштуруп келет. 7-октябрда Каракол шаарында болгон митинг облус башчысын автоунаага камап коюу менен коштолгон.

Аягында митингди күч кызматы кууп таратып, 23 кишини камакка алган. Алардын айрымдары кийин үй камагына чыгарылган. (МК/SM)

XS
SM
MD
LG