Бул тууралуу “Кыргыз эл биримдиги” кыймылынын Ысык-Көл облусу боюнча координатору Кубанычбек Кадыров билдирди. Анын айтымында, жекшемби күнү милиция кызматкерлери айылга кирип, штабдагы ондон ашуун активистти кармап кетти. Мына ошондон кийин жергиликтүү калк Балыкчы-Каракол жолун жапты. Ысык-Көл облустук милициясынын башчысы Эмил Салиев кармоо иштери мыйзам чегинде жүргүзүлгөнүн билдирди. Милиция кызматкерлери жети адам кармалып, алардын алтоо бошотулганын маалымдады.(AiT)