Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:34

Иран ядролук келишим боюнча кызматташууну улантат


Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф билдирди. Жекшемби күнү Мюнхен конференциясында сөз сүйлөгөн Зариф сүйлөшүүнүн кезектеги бөлүгүнө келишимге жетишүү максаты менен келерин белгиледи.

Иран менен ири алты мамлекеттин кезектеги сүйлөшүүсү 18-февралда Венада өтөт. Бирок уланып жаткан санкциялар Ирандын сүйлөшүүлөргө ишенимин кетирип жатканын Зариф белгилеген. Жекшемби күнү Ирандын тышкы иштер министри АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен жолугушкан. Анда Керри сүйлөшүү жүрүп жаткан мезгилде санкция токтотулбасын билдирген.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG