Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:04

Ооганстанда президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


11 талапкер катышып жаткан шайлоо 5-апрелде добуш берүү менен соңуна чыгат. Жеңген талапкер азыркы президент Хамид Карзайды алмаштырат. 2014-жылы АКШ баштаган НАТОнун аскерлери чыгарыла турган жылы өткөрүлүп жаткан шайлоону талиптер үзгүлтүккө учуратарын билдиришүүдө. Ишемби күнү талапкер Абдулла Абдулланын эки өкүлү Ооганстандын батышында өлтүрүлгөн. Хамид Карзай 2001-жылы президент болгон. Мына ошол жылы НАТОнун аскерлери Ооганстанга кирип, талиптерди бийликтен четтеткен.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG