Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Коргоо кеңешинде дин саясаты талкууланууда


Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Коргоо кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Анда өлкөдөгү диний абал, мамлекеттин дин саясаты талкууланууда.

Президент Алмазбек Атамбаев өз сөзүндө өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясында диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча маселе каралганын айтты. Бул маселе боюнча материалдарды жана чечимди даярдоо абдан көп убакыт алып, эми гана даяр болду.

- 70 жылдык атеизм доорунан кийин өлкөбүздө диний эркиндик үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Бирок эркиндик деп коюп, бийлик башчылары диний чөйрөнү таптакыр эле карабай койгон. Анкени өздөрү динден алыс болуп, түшүнчү да, жолочу да эмес. Мунун кесепети азыркы күндө даана көрүнүп турат. Өзгөчө мусулмандар чөйрөсүндө, өзгөчө кыргыздар арасында, - деди президент.

Диний жааттагы мамлекеттик саясаатты талкуулап жаткан бүгүнкү жыйында негизги баяндаманы президенттин алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Орозбек Молдалиев жасоодо. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG