Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:12

ОшТВнын кызматкерлери акция өткөрдү


Бүгүн ОшТВнын жыйырмадан ашуун кызматкери УКМКнын Оштогу өкүлчүлүгүнүн алдында акция өткөрдү. Кабарчыбыздын айтымында, 24 киши оозун скотч менен чаптап алып, колдоруна «Бөрк ал десе баш алуу», «Сөз эркиндиги - демократиянын негизи» деген жазууларды кармап турушту.

УКМКнын маалыматы боюнча, ОшТВ телеканалы аймак аралык бөлүнүүгө чакырык таштаган деп айыпталууда. Ал эми ОшТВнын жетекчилиги муну саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым катары сыпаттоодо. (YI/RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG