Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Сарууда кармалгандардын көбү бошотулду


Саруу айылында кечээ кармалган жети кишинин алтоо бошотулду. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук милициядан кабарлашты. Камакта калган бир жаран мурда издөөдө жүргөндүктөн, аны Бишкекке алып кетишти.

Саруу айылынын тургундарынын кармалышы кечээ кечке жуук Балыкчы - Каракол унаа жолунун буулушуна себеп болгон. Аталган айылдын тургуну Абай Узаковдун айтымында, кармоо себептерин милиция түшүндүргөн эмес.

Бул окуядан кийин дароо эле айыл тургундары чогулуп, бул күнү жана буга чейин камалган саруулук балдарды бошотуу талабы менен Каракол - Балыкчы жолун Саруу айылына кире бериштеги Кашат деген көпүрөдөн тосуп алышты. Жол дагы эле жабык турат.

Кумтөр алтын кенин улутташтырууну талап кылган нааразылык акциялары Саруу айылында былтыр башталган. Бийлик бул акциялар Кумтөргө эч тиешеси жок, аларды оппозиция уюштуруп жатат деген пикирде. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG