Айрым кабарларга караганда, "ал-Каида" Сирияда согушуп жаткан канаттарынын бири менен алакаларын үзүүдө. "Ал-Каиданын" башкы командачылыгы дүйшөмбүдө интернетте жарыялаган билдирүүдө айтылгандай, мындай чечим “Ирак Ислам мамлекети жана Левант” (ISIL) деген уюм ал-кайидачылардын ана башы Айман ал-Завахринин буйругуна баш ийбей койгондон улам кабыл алынды.
Билдирүү чындап эле террордук уюмдун атынан жазылганын текшерүү мүмкүн эмес. Бирок ал "ал-Каида" пайдаланып келген сайтта жарык көрдү. Аналитиктер муну "ал-Каиданын" Сириядагы жарандык согушка катышып жаткан исламчыл уюмдарды өз башкаруусуна алуу аракети катары чечмелешүүдө.
Өткөн жылдын май айында ал-Завахри “Ирак Ислам мамлекети жана Левант” уюмуна "ал-Каиданын" атаандаш тобу “Нусра майданынан” бөлөк аракеттенүү буйругун берген. Бирок ал талап четке кагылган.