Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Муфтий: Кумсалыкка бардык салттуу диндер каршы


Кумсалыкка дүйнөдөгү бардык салттуу диндер каршы. Бул тууралуу бүгүн журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Кыргызстандын муфтийинин милдетин аткаруучу Максатбек ажы Токтомушев билдирди. Ал аял менен эркектин нике кыйдырып, үй-бүлө куруп жашоосу талап экенин эскертти.

Жакында муфтият кумсаларга каршы фатва чыгарган. Анда бир жыныстагы адамдардын сексуалдык байланышта болуусу өтө чоң күнөө экени эскертилет.

Ага чейин адам укугун коргоочу Human Rights Watch эл аралык уюму Кыргызстанда милициянын зордук-зомбулугуна кабылган кумсалардын укугун коргоо үчүн көз каранды эмес орган түзүлүшү керектигин айтып чыккан. Аталган уюм Кыргызстандын төрт шаарын кыдырып, 40 кумсанын пикирин сураганда алардын баары милиция кызматкерлеринин кордугуна кабылып жашап келатканын айткан.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов бул боюнча арыз келип түшпөгөнүн, эгер мындай окуя катталса, сөзсүз иликтенээрин "Азаттыкка" билдирген. (ZB/RK)

XS
SM
MD
LG