Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Украин президенти оорудан кийин жумушка кайтууда


Украинанын президенти Виктор Янукович бүгүн жумушка чыгат. Президенттин кеңсеси ал бейшембиден бери сыркоолоп жатканын маалымдаган. Оппозиция болсо Янукович бул арада чукул кырдаал киргизүү планын даярдап жатты деп шектенет.

Жекшембиде Киев жана бир катар башка шаарларда кайрадан президенттин отставкасын талап кылган ири демонстрациялар өттү. Ошол эле күнү бийлик оппозициянын өкүлүнө дарылануу үчүн чет өлкөгө кетүүгө уруксат берди. Дмитро Булатовду бир нече күн мурун белгисиз бирөөлөр уурдап токмоктошкону айтылган. Айрым маалыматтарга караганда, ал Вилнюстагы ооруканага жаткырылды.

Нааразылык акциялары Янукович ноябрда Европа Биримдиги менен Ассоциациялык келишимге кол коюудан баш тарктандан бери уланып келатат.

XS
SM
MD
LG