Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Москвадагы мектепте барымтага алынгандар бошотулду


Москвадагы мектепте балдарды барымтага алган киши “зыянсыздандырылды”. Бул тууралуу айрым маалымат агенттиктери Орусиянын ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө таянып кабарлашууда. Кылмышкер ошол эле мектептин жогорку класстагы окуучусу болуп чыкты. Бирок ал колго түшкөн-түшпөгөнү такталган жок.

Жабыркагандар жөнүндө маалыматтар текшерилүүдө. Айрым кабарларда эки полициячынын жарадар болгону, башкаларында бир полициячынын набыт кеткени, экинчиси жана бир мугалимдин жараат алганы айтылууда. Барымтадагы 20дан ашык окуучу бошотулду. Эч кимиси жапа чеккен жок.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG