Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

Жалал-Абад: Июнь окуясында жабыркагандар бийликке талап койду


03/02/2014
03/02/2014
Жалал-Абад шаарында 2010-жылдын июнь коогалаңында жабыркаган 28 киши бүгүн мэриянын алдына кезектеги нааразылык акциясына чыкты. Алар каргашадан кийин тургузулган 120 батирлүү эки үйдү жабыркагандарга менчикке өткөрүп берүүнү жана бул маселени шаардык кеңештин сессиясына алып чыгууну талап кылышты. Болбосо, Бишкекке, Ак үй алдына баруу демилгесин көтөрүштү.

Шаар мэри Мухтар Арапбаев Бишкекке барбоого, сабырдуулукка чакырды. Нааразылардын өкүлдөрүнө маселе Жогорку Кеңеште 7-февралда каралааарын, мэриянын иши парламент менен өкмөттүн чечимине жараша болоорун түшүндүрдү. Себеби ал үйлөр шаардык казынанын эмес, өкмөттүн эсебинен курулган. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG