Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:36

АКШда каза тапкан кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жөнөтүлдү


АКШнын Мичиган штатында айдап бараткан жүк ташуучу машинеде кырсыкка учураган кыргызстандык улан Нуржигит Капарбековдун сөөгү мекенине Эдуард О'Хара эл аралык аба майданынан 2-февралда жөнөтүлдү. Бул тууралуу Иллинойс штатындагы кыргызстандык жарандар коому кабарлады.

Эскерүү жана бейшембилик тажыясы 6-февралда Чикагодогу Американын ислам колледжинде өтөт. Жаназа намазы жана сөөктү узатуу 2-февралда Иллинойстогу Америка-Түрк коомунун имаратында өттү.

Чикагодо жашаган кыргызстандык Нуржигит Капарбеков 29-январда Детройт шаарында жумуш маалында мерт кеткен. Үй-бүлөсүнүн жалгыз уулу Капарбеков 1990-жылы туулган. Анын сөөгүн мекенине жеткирүүгө жана акыркы сапарга узатууга кыргызстандыктар эки күндө 20 миң 118 доллар жыйнашты.

Кырсык болгон Мичиган штатынын Жумуштагы коопсуздук жана өндүрүштөгү гигиена башкармалыгынын басма сөз катчысы Андрэа Миллер жергиликтүү CBS радиосуна тиешелүү иликтөө иштери башталганын ырастады. (BAz)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG