Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:02

Дубайда кыргыз музыкасы жаңырат


Бириккен Араб Эмираттарынын ири шаары Дубайда 7-февралда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Дилшат Кангелдиеванын концерти өтөт. Бул тууралуу Дубайдагы кыргызстандык атуулдар коому кабарлады. Концерт кыргыз маданиятын араб өлкөлөрүндө таанытуу жана жайылтуу максатын көздөйт.

Дилшат Кангелдиеванын концерти Дубайдагы кыргызстандыктар Майрам Абдыкеримова жана Керима Жумаеванын демилгеси менен уюштурулуп жатат. Жергиликтүү музыка күйөрмандарынан тышкары концертке Эмираттардагы кыргыз жарандарынын катышуусу күтүлүүдө.

"Дубайдагы концертте элдик аспаптар менен чогуу кыргыздын мукамдуу ырларын жандуу үн менен тартуулайм", – деп "Азаттыкка" билдирди ырчы Кангелдиева. Ырчы былтыр ушул сыяктуу концерттерди АКШ, Британия, Италия, Катар, Кытай жана Оманда берген. (BAz)

XS
SM
MD
LG