Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Кыргызстан менен Орусия аскердик кызматташууну талкуулады


Орусиянын Коргоо министрлигинин “Звезда” телерадиокомпаниясынын билдирүүсүнө караганда, 3-февралда Москвада Кыргызстан Коргоо министри Таалайбек Өмүралиев Орусиянын Коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушту. Анда аскердик-техникалык кызматташуу маселеси талкууланган. Москва Кыргызстанга 1 млрд. доллардан ашуун суммага курал берерин буга чейин билдирген. Орус маалымат каражатынын маалымдоосуна караганда, ал курал бериле баштады. Сергей Шойгу ошондой эле Орусия Канттагы аскердик аба базасын мындан ары дагы бекемдерин билдирген. Кыргызстан министри өз кезегинде Манас аба майданынан америкалык аскерлерди чыгаруу боюнча чечимдер кабыл алынганын маалымдаган. Кыргызстандын Коргоо министрлигинин маалымат кызматы сапардын жыйынтыгы боюнча кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG