Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Акыйкатчы ОшТВ окуясын көзөмөлгө алды


Акыйкатчы Бакытбек Аманбаев ОшТВ телекомпаниясына байланыштуу окуяны өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу бүгүн акыйкатчынын кеңсесинен кабарлашты.

Кечээ, 3-февралда акыйкатчынын Оштогу өкүлдөрү УКМК кызматкерлери менен да, ОшТВнын жетекчилиги менен да жолукту. Улуттук коопсуздук комитети ОшТВга карата кылмыш иш мыйзам негизинде козголгонун, алар журналисттердин чыгармачылыгына кийлигишпегенин, конституциялык укугун бузбаганын билдирди. Ал эми телекомпаниянын директору Эрнис Кыязов сөз эркиндигине басым жасалып жатканын айтты.

Өткөн аптанын соңунда УКМК ОшТВ телеканалы аймак аралык бөлүнүүгө чакырык таштап жатат деп кылмыш иш козгогон. Ал эми ОшТВнын жетекчилиги муну саясий куугунтук катары баалап, сөз эркиндигине басым деп сыпаттоодо. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG