Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:43

Орусия Кыргызстанга үч миллион доллар бөлдү


Орус өкмөтү Кыргызстанга үч миллион доллар бөлдү. Бул акча Кыргызстанга Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу келмекчи. Грант Чүйдөн башка облустардын баарына сугат түйүндөрүн, айдоо жерлерин реабилитациялоого, көпүрө куруп, айыл чарба продукциясын өндүрүүнү жакшыртууга жумшалат. Бул тууралуу бүгүн БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун айтымында, соңку беш жылда бул программа аркылуу Кыргызстанга 31 миллион доллар келген. (RK)

XS
SM
MD
LG