Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Путин экстремизм үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду


Орусиянын президенти Владимир Путин экстремисттик аракеттер же ага байланышы бар кылмыштар үчүн жазаны күчөткөн мыйзамга кол койду.

Мыйзамдын жаңы редакциясына ылайык, эми экстремизмге ачык чакырыктар үчүн эң төмөнкү санкциялар жогорулады. Мурда мындай кылмыш үчүн 100 миң рубль айып пул төлөсө, эми 300 миң рубль бериши керек. Жаза мөөнөтү 3 жыл болсо, эми 4 жыл берилмекчи. Террочулукка каршы оңдоолор онлайн төлөөлөрдүн көлөмүнө чек койду жана интернет-колдоочуларга жалпысынан көзөмөл күчөдү. Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү иши жакында Волгограддагы эки теракттан кийин жана 7-февралда башталчу Сочи Олимпиадасына карата тездетилген. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG