Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:14

Сот Kyrgyztoday сайтын айыпка жыкты


Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту Kyrgyztoday сайтын 70 миң сомго, анын кабарчысы Азизбек Келдибековду 40 миң сом айыпка жыкты. Бул маалыматты "Азаттыкка" сайттын негиздөөчүсү Бегалы Наргозуев тастыктады. Анын айтымында, аталган сайтка Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековго байланыштуу бир катар сын макала жарыяланган болчу жана арыз ээси жалпысынан 2 миллион сом өндүрүүнү соттон талап кылган. Кабарчы Азизбек Келдибеков өзүнүн Facebook баракчасына "спикер Асылбек Жээнбековдун жеке кыстоосу менен Биринчи май райондук соту "Кыргызтудей" сайтына адилетсиз чечим чыгарды" деп жазды.

ЖК төрагасынын маалымат катчысы Нурканбек Керимбаев болсо "Азаттыкка" Асылбек Жээнбеков бул маселе боюнча сотко кайрылбаганын тастыктады:

- Жогорку Кеңешке караштуу «Алтын-Көл» пансионатынын мурдагы директору Эмил Шакиров менен Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкулов «Кыргызтудей» маалымат порталын сотко беришкен. Биринчи май райсоту 4-февралда Эмил Шакировдун арызын карап, өкүмүн окуптур. Бул маселеге ЖК төрагасынын эч кандай тиешеси жок, ал бир да басылманы сотко берген эмес.

Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева нааразы тарап кийинки соттук инстанцияларга кайрылууга укуктуу экенин айтты. Бүгүн чечим чыккан иш боюнча доо арыз менен сотко бир ай мурда Жогорку Кеңешке караштуу «Алтын-Көл» пансионатынын мурдагы директору Эмил Шакиров менен парламенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кожомкулов кайрылган.(RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG