Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:46

Украина: Рада бир чечимге келе алган жок


Украин парламентинин фракциялары 4-февралда конституциялык реформа боюнча мунасага келе алышкан жок. Раданын спикери Владимир Рыбак маалымдагандай, Баш мыйзамды өзгөртүүгө жол ачкан мыйзам долбоорлору али даяр эмес. УДАР оппозициялык партиясынын лидери Виталий Кличко оппозиция 2004-жылдагы Конституцияга кайтып келчү актынын кабыл алынышын талап кылып жатканын кайталады.

Бул тууралуу Кличко президент Виктор Янукович менен жолукканда да айтты, ал эми президенттин пикиринде, Конституцияны өзгөртүү жараяны жарым жылга созулушу мүмкүн.

Президенттин айрым укуктарын парламентке жана өкмөткө берген Баш мыйзам Украинада 2004-жылы кабыл алынган. 2010-жылы Януковичтин президенттигинин биринчи жылы учурунда Конституциялык сот бул мыйзамды Баш мыйзамга каршы келет деп чечим чыгарган жана президенттин бийлиги кайра бекемделген. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG