Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:40

Айыл чарба министрлигине Айдаралиев сунушталды


Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев парламенттин кароосуна айыл чарба жана мелиорация министрлигине Таалайбек Айдаралиевди сунуштады. Айдаралиевдин талапкерлигин "Ар-Намыс" фракциясы көрсөткөн. Соңку жылдары ал коомдук негизде Борбор Азиянын үрөнчүлөр бирикмесин жетектеп келаткан.

Талкуу учурунда депутат Исмаил Исаков буга чейинки министр Чынгысбек Узакбаев эмне себептен кызматтан кеткенин сурады. Буга жооп кылып өкмөт башчы былтыр Бүргөндү, Ринжит жана Ак-Талаадагы каналдарды оңдоо үчүн бөлүнгөн капиталдык салымдар жакшы өздөштүрүлбөгөнүн айтты. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG