Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Парламентте Кумтөр боюнча макулдашуу комиссиясы түзүлдү


Кумтөр маселеси боюнча бир пикирге келүү максатында парламентте макулдашуу комиссиясы түзүлдү. Анын курамына парламент жана өкмөт жетекчилиги менен кошо фракция лидерлери жана өкмөт мүчөлөрү кирди. Комиссия бүгүн саат экиге чейин иштеп, бир жыйынтыкка келиши керек.

Бүгүн Жогорку Кеңеште Кумтөр маселеси кайрадан талкууланууда. Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев мурда үч жолу сунуштаган долбоорун кайра алып келди.

Парламент Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67%га жеткирүүнү талап кылып жатат, өкмөт 50%дан жогорулатуу азыр мүмкүн эмес дегенин айтып келатат.

Айрым депутаттар азырынча өкмөттүн отставкасы тууралуу маселени көтөрүү туура эмес десе, кээ бирлери Кумтөр боюнча парламенттин талабын аткара албай жаткан өкмөттү кетирип, анын ордуна жаңысын түзүү керек деген пикирде. (EBM/RK)

XS
SM
MD
LG