Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Оппозиционер саясатчы Кадыровду милиция кармап кетти


"Чындык" оппозициялык партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров ушу тапта Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгында кармалып турат. Бул тууралуу Кадыров өзү "Азаттыкка" билдирди:

- Бакиевдердин убагында козголуп, кийин кайра жабылган иш боюнча күбө катары алып келишти. Күбө дешкени менен ушинтип күчкө салып беш милиционер үч машина менен коштоп келди. Кармап келгендер "бул министрдин приказы, туура түшүнүңүз" деп жатышат. Эми ал балдарда күнөө жок да.

Кадыровдун айтымында, учурда ал тергөөчүнүн бөлмөсүндө отурат. Азырынча сурак баштала элек. (KE/RK)

XS
SM
MD
LG