Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Украинадагы кризисти токтотуу аракети уланууда


Бүгүн Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон украин президенти Виктор Янукович жана оппозиция лидерлери менен кездешет. Эштон айым кечээ (4-февраль) кечинде оппозиция лидерлери менен сый тамак үстүндө сүйлөшкөн. АКШ вице-президенти Жо Байден кечээ Януковичке телефон чалып, оппозиция менен мунаса табуу, нааразылар менен эрегишип турган полициянын атайын күчтөрүн ал жайдан артка тартууга чакырды. Парламенттеги оппозициячыл фракциялар Конституцияга өзгөртүү киргизип, президенттин бийлигин чектөө боюнча талкууну бүгүн кайра күн тартибине киргизгенге аракет кылмакчы.
Ноябрда Янукович Евробиримдик менен Ассоциациялык келишимге кол койгондон баш тарткан. Ошондон бери Киевде антиөкмөттүк акциялар жүрүүдө. Янукович жума күнү Сочиде президент Путин менен жолугат деп мерчемделүүдө.

XS
SM
MD
LG