Нарындагы Ат-Башы ГЭСинин электр өндүрүмдүүлүгү төмөндөп кетти. Бул тууралуу бүгүн облустун былтыркы жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча жыйында айтылды. Өкмөттүн Нарындагы өкүлүнүн орун басары Эмил Алымкулов Ат-Башы ГЭСи электр энергиясын иштеп чыгуу планын 74,2 % гана аткарганын айтты. Тактап айтканда, 2013-жылы 142 миллион 100 миң кВт саат электр энергиясын өндүрүп, мурдагы жылга салыштырганда 3 миллион кВт саатка аз өндүргөн. Буга себеп катары суу сактагычка суунун агып келүүсү жылдан жылга азайып жатканы айтылды.
Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун 25 пайызын электр менен камсыз кылат. Курулганына 46 жыл болгон бул курулуш капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж. Ал үчүн 1 миллиард 200 миллион сомдой каражат талап кылынат. (TSh/RK)