Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Ооганстанда президентке талапкерлердин биринчи теледебаты болду


Теле эрөөлдө президентке талапкерлер: Абдулла Абдулла, Ашраф Гани, Залми Расул, Каюм Карзай жана Рахим Вардак талиптер менен тынчтык сүйлөшүүсүн өткөрүү жана АКШ менен коопсуздук келишимин түзүү жөнүндө талкуулашты.

Теле талкууну жеке менчик “Толо” телеканалы өткөздү. Ооганстанда президенттик шайлоо өнөктүгү 2-февралда башталган. 5-апрелде болчу шайлоого 11 талапкер катышат. Серепчилердин айтымында, биринчи айлампада көпчүлүк добушту алчу бир да талапкер жок.

- Биз өлкөгө кызмат кылчу, бийликтеги коррупцияны жок кылчу, тынчтык жана коопсуз жашоо алып келчү президентти каалайбыз. Ашраф Гани болочок президентибиз болчу инсан - дейт Мухаммед Азиф аттуу Кабулдун тургуну.

2001-жылы талиптерди бийликтен кулатуу үчүн АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстанга басып киргенден бери өлкөнү башкарган Хамид Карзай, Конституцияга ылайык, үчүнчү жолу президенттик шайлоого катыша албайт.

XS
SM
MD
LG