Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:28

Иракта дагы 16 адамдын каны төгүлдү


Багдаддын мыкты күзөтүлгөн Жашыл зонасына танапташ бөлүгүндө автомобилдерге коюлган бомбалар жарылып, кеминде 16 адам курман болду. Жарадарлардын саны 30дан ашат. Жашыл зонада Ирак өкмөтү жана Батыш элчиликтери жайгашкан. Бир бомба Ирактын Тышкы иштер министрлигинин маңдайында жарылды. Машинечен жанкечти экинчи бомбаны ресторанга чукул келип жардырса, башка бир жардыруу Багдаддын ортосундагы Куллани майданында болду. Бомба чабуулдары үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өзүнө ала элек. 4-февралда Жашыл зонага белгисиз бирөөлөр аткан эки ракета келип түшкөн. Соңку бомба чабуулдары Ирак өкмөтү өлкөнүн коопсуздугун камсыздай алабы деген чочулоону күчөттү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG