Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:25

Сарууда жол буугандар айдоочулардын өтүнүчүн уккан жок


Бүгүн Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы автобекетте Саруунун жолун бууп тургандардын өкүлдөрү менен айдоочулардын жолугушуусу уюштурулду. Каракол - Балыкчы жолу аркылуу жүргүнчү ташыган айдоочулар кредит алып иштеп жатканын, чыгашага дуушар болуп келаткандарын айтып, жолду ачууну өтүнүштү. Бирок, облустук милициянын маалыматында, жолугушуу натыйжа берген жок.

Каракол - Балыкчы унаа жолу Саруу айылындагы Кашат деген көпүрөдөн дагы эле буулуп турат.

Саруу айылынын айрым тургундары Кумтөрдүн улутташтырылышын талап кылып уюштурган митингдери былтыр өкмөт өкүлүн барымтага алуу, жол тосуу, электрди өчүрүп салуу, унаа өрттөө менен коштолгон. Бул үчүн алардын айрымдары азыр соттолууда. Бирок жол буугандар камоо мыйзамсыз болгонун айтып, алты соттолуучуну бошотууну талап кылып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG