Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

БУУ Ватиканды педофилдерди жашырууда деп сындады


Улуттар уюму Роман католик чиркөөсүнүн диниятчыларынын жаш балдарды зордуктап, он миңдеген жаш балдарга сексуалдык ыдык көрсөтүүсүн сындады. БУУнун Балдар укугун коргоо комитети 5-февралдагы жарыялаган докладында Ватикандан балдарды жыныстык катнашка барууга мажбурлаган же андай адепсиздиктен кабары бар диниятчыларды тез кызматтан четтетүүнү жана аларды бийликке өткөрүп берүүнү талап кылды. Докладда ошондой эле чиркөөлөрдөгү педофилдер жана аларды жашырганга көмөктөшкөн диниятчылардын ысмын ачык жарыялоо талап кылынат.

БУУнун Балдар укугун коргоо комитетинин төрайымы Кристен Санберг 5-февралда береги доклад жарыялангандан кийиен Женевадагы маалымат жыйынында сүйлөп, мындай деди:

- Бизди Ыйык Ватикандын атынан иш жүргүзгөн Католик чиркөөсүнүн мүчөлөрүнүн дүйнөнүн чар тарабында он миңдеген балдарга сексуалдык кордук жасаганы өкүндүрөт. Комитет жүргүзгөн иликтөө Ыйык Ватикан жүргүзгөн саясат бейдабалардын бейадепсиздикти улантуусуна жана жазасыз калуусуна алып барганын көрсөттү.

Улуттар уюмунун Балдар укугун коргоо комитети Ватиканды сексуалдык кордоого кабылган балдарды жана ага байланыштуу кылмыш иштерин иликтөөгө адам укугун коргоочу эл аралык уюмдарды тартууга да чакырды.

XS
SM
MD
LG