Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:36

Путин Орусия Сочи олимпиадасына даяр экенин айтты


Президент Владимир Путин бүгүн (5-февраль) Сочидеги Олимпиадалык кыштакты барып көрдү жана Орусия 2014-жылкы Кышкы Олимпиада оюндарын өткөргөнгө даяр деп жарыялады. Ал орусиялык олимпиадачыларга кайрылып, мекендештери алардын “жеңишине ишенгенин” айтты.

Орусиянын командасы 2010-жылкы Ванкувердеги олимпиадада демейдегиден аз: үч гана алтын медаль утуп, журтташтарынын көңүлүн калтырган. Путин ошондой эле кээ бир чет өлкөлүк спортсмендер жана Эл аралык олимпиада комитетинин жетекчилери менен кездешти. Ал Олимпиаданын коопсуздугун камсыздоо чоң түйшүк экенин мойнуна алды.

Журналисттер бийликтин убадасына карабай, кээ бир мейманканаларда дале курулуш жүрүп жатканын айтышууда. Сочини Олимпиадага даярдоого Орусия 50 миллиард доллардан ашуун акча сарптады. Олимпиада оюндары 6-февралда башталып, 23-февралда аяктайт.

XS
SM
MD
LG