Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:17

Балыкчы-Каракол жолу ачыла элек


Бул тууралуу Ысык-Көлдөн кабарчыбыз Мария Колесникова билдирди. Жолдун жабык турушуна байланыштуу Кумтөрдүн жумушчулары кенге жетүү үчүн жолду айланып өтүүгө аргасыз болуп жатканы кабарланды.

5-февралда Жогорку Кеңештин депутаты Исмаил Исаков Саруу айылындагы кырдаалды иликтөөнү парламенттин Коопсуздук жана коргонуу комитетине тапшырып, маселени чечүүгө чакырды. Депутат Равшан Жээнбековдун айтымында, алар Саруу чатагын чечүү үчүн атайын комиссия түзүүнү сунуштайт.

Саруу айылынын тургундары жекшемби күндөн бери Балыкчы-Каракол жолун бууп турушат. Алар камакка алынган Айбек Сарыбаевди жана соттолуп жаткан Бактияр Курманов, Эрмек Жунушбаевди бошотуу талабын коюп жатышат. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG