Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:20

Оппозициялык саясатчы Кубанычбек Кадыров сурак берип чыкты


“Чындык” партиясынын лидери Кубанычбек Кадыровдун билдирүүсүнө караганда, аны 7 жаштагы кызы менен поликлиникада жүргөн жеринен беш милиция кызматкери күч менен суракка алып барган. Сурак 2010-жылы 8-апрелде Ошто “Импак” аттуу фирмага белгисиз кишилердин киришине байланыштуу болгон. Кадыров Кыргызстанга Казакстандан 9-апрелде гана келгенин билдирген.

Суракка чакыруунун себебин Кадыров саясий ишмердүүлүгү менен байланыштырат:

- Албетте бул саясатка байланыштуу. Атамбаев айтып жатат да "Кадыровго бир нерсе тапкыла. Эмне кылсаңар да муну камаш керек" деп жатат. Ошондон айласы кетип таап атканы.

Ички иштер министрлиги Кадыров 2010-жылы апрелде ачылган кылмыш иши боюнча күбө катары чакырылганын билдирип чыкты. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG