Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Токтогулдун 150 жылдыгы белгиленет


Быйыл улуу демократ акын Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгы белгиленет. Мааракелик иш-чараларды өткөрүү тууралуу парламенттин токтом долбоору иштелип чыкты. Ал кабыл алынгандан кийин өкмөткө тапшырма берилет.

Кыргыз элинин улуу акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер Токтогул Сатылган уулу 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында туулган. Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» жана башка ырларында чагылдырылган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG